Быйыл октябрь айынан тарта күндүн кескин сууп кетиши өлкөдө көмүрдүн тартыштыгын жаратты. Кара алтындын кымбаттоосу айыл тургундарын түйшүккө салууда.
Улуттук статистика комитетинин 21-октябрга карата мониторингинде 1 тонна көмүрдүн баасы былтыркыга салыштырмалуу 18 пайызга же 832,2 сомго жогорулады.
Куу-Майдан айылынын тургундары кышка кантип даярдык көрүшүүдө, көмүр менен камсыз болуштубу деген суроо менен айыл тургундарына кайрылдык.

Айыл тургуну Каримберди Абдразаков
Айыл тургуну Каримберди Абдразаков жылда 3тонна көмүр жагат, быйыл эрте суук түшкөнү үчүн андан да көп жагууга туура келет дейт:
“Өзүбүз азырынча 3 тонна көмүр алдык Алайдын көмүрүн килограмы 6 жарым сомдон, азыр 7 сом 80 тыйынга көтөрүлүп кетти. Эми анын себептери бар, жол киренин, бензин, солярканын кымбаттыгы болуп жатат. Анын үстүнө Ноокат району көмүр келчү Сүлүктүдөн да, Чоң Алайдан да, Кызыл-Кыядан да алыс болгондуктан бизде ушундай болуп жаткандыгы чын. Адамдардын күзүндөгү эң түйшөлткөн ою көмүр менен камсыз болуу. Бизде көмүрдөн башка эч нерсе жок себеби, электр энергиясы жетишсиз болгондугун адамдардын баары билип турушат.”

Айыл тургуну Бактыгүл Ахунбаева
Ал эми Бактыгүл Ахунбаева бардык нерселердин кымбаттыгына жараша пенсия, жөлөк пул, айлык акылары да көтөрүлсө жакшы болмок деген оюн билдирди:
“Азыр бардык нерсе кымбат, бул элдин чөнтөгүнө тескери таасирин тийгизип жатат. Мисалга алсак былтыры 1 тонна көмүр 6 миң сом болсо, быйыл 7 жарым 8 миңге чейин болууда, бул чоң айырма. Кымбат болсо деле албай коюшка болбойт.”

Айыл тургуну Апал Бекиева
Апал Бекиева көмүрдүн баасы кымбат болсо да ден-соолук үчүн алууга арга жок дейт: “Көмүрдүн баасына көз карашым түз эле, анын кымбаттап кетиши бул көмүр кени туруктуу абалда чыкпай калышына байланыштуу деп ойлойм.”
Айылдагы ишкер Роман Аширбеков 10 жылдан бери көмүр сатып бизнес кылат. Ал көмүрдүн кымбаттыгынын себебин күйүүчү майдын, унаа тетиктеринин жана Ноокат районуна көмүрдү алып келүүнүн кыйынчылыгы менен түшүндүрдү:
“Биз алып келген жерде айдоочулар 5-10 күн жатып калып жатышат, кезекте, чыгым көп. Арзан көмүр алып келсе болот бирок, ал жакшы күйбөйт, чок турбайт, ыш болуп күйбөгөндүгүнөн аны алып келбейбиз.”

Өкмөт башчысы Улукбек Шапиев
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Шапиев сатылып жаткан көмүрдүн баасын айыл өкмөт көзөмөлдөй албастыгын бирок, өкмөт тарабынан элге жардам катары килограммы 5 сомдон көмүр түшүрүлгөнүн айтты:

Өкмөт тарабынан уюштурулган көмүр
“Азыр Кеңеш айыл өкмөтүндө 2 унаа көмүр түгөдү, бири 34 тонна, бири 31 тонна. Азыр Ак-Терек айылында да 5 сомдон саттырып жатабыз ал жерде да 90 тоннадай көмүр түшкөн. Көбүнчө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берип жатабыз, алардын катарында жөнөкөй эл да алгандар бар.”
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы коомдук фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Аймончок Кожонова