Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын билдирүүсүндө айыл өкмөттүн жалпы бюджетинин 25 пайызын жергиликтүү салыктар түзүп, жалпы жылдык киреше мамлекеттик салыктар менен 8 млндон ашат.
Айыл өкмөттүн бюджети кайсы багыттарга коротулуп жатат жана абалы кандай деген суроо менен Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы, ФЭБ башчысы, бюджет боюнча комиссиянын төрагасы жана айыл тургундарына кайрылдык.

Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Шапиев
Өкмөттүн бюджетинин абалы жылдагыдан жакшы дейт өкмөт башчы Улукбек Шапиев: “Бюджеттин акчасын 9 айдын жыйынтыгы менен баарын социалдык объектилерге жумшап жатабыз, кыштан жакшы чыгып кетишибиз керек.”
ФЭБ башчы Абибилла Мадраимов бюджетти көтөрүү үчүн мамлекеттик стратегиялык планга жараша салык төлөөчү өндүрүштүк ишканаларды куруу керектигин билдирди:
“Бюджеттин акчасы негизинен соц тармактардын коммуналдык чыгымдарына жана айыл тургундарынын суроо талаптарын канааттандыруу максатына бөлүштүрүлөт.”

Мурасбек Кубанычбек уулу
Жергиликтүү кеңештин бюджет боюнча комиссиясынын төрагасы Мурасбек Кубанычбек уулунун билдирүүсүндө өкмөттүн бюджети ар дайым депутаттар тарабынан каяка, эмнеге иштетилгендиги боюнча көзөмөлдөнүп турат:
“Кайсыл тендерлер утту, сапаттуу материалдар менен курулуп жатабы, канча сумма бөлүндү, кайсыл жумуштар бүттү, кайсылары учурда жүрүп жатат баары депутаттардын көзөмөлүндө турат.”

Гүлсара Козуева
Ал эми Куу-Майдан айылынын тургуну Гүлсара Козуева өкмөттүн бюджетинин абалы илгертен эле начар болуп келген дейт: “Бизде киреше алып келе турган эч кандай фабрика, ишканалар жок. Ишкана ачам дегендерге өкмөт жардамын аябаш керек, себеби ошолордун эсебинен бюджетти көтөрсө болот.
Дагы бир айта кетчү нерсе бул болгон акчаны туура колдонсо ал деле көп нерсеге жетиши мүмкүн, алардын каяка бөлүнүп, эмнеге иштетилип жаткандыгы жөнүндө бизде эч кандай маалымат жок. Жолугушууларды өткөрүп бул туусасында да маалымат берип турушса жакшы болмок”-деп билдирди айыл тургуну Гүлсара Козуева.

Саламат Аширбекова
Арбын айылынын тургуну Саламат Аширбекова: “Бюджеттин акчалары каяка иштелип жатат, эмне кылып жатышат элдин кабары жок. Депутаттар кылышты, депутаттар акча бөлдүрүштү дешет бюджеттен бөлүнгөн акчаны деле. Жаңы көчөлөргө кум төгүлгөнүн уктум, андан башка эмне кылышты билбейбиз деле.”
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Аймончок Кожонова