“Кеңеш-Нуру” жамааттык мультимедиа борбору

Ноокат району, Кеңеш айыл аймагы

Өкмөт башчы: “Биз кандайдыр бир партияга же талапкерге тарапташ болбошубуз керек”

28 Ноябрь 2021 жыл 19:09
Көрүүлөрдүн саны: 69

2021-жылы 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Ноокат районунун Куу-Майдан айылдык №5376 участкасында 1895 шайлоочу бар, алардын 39,5 пайызы добуш берүүгө катышты.

Шайлоонун жыйынтыгында бир мандаттуу талапкерлерден Жусупбек Коргонбай уулу 430, Артыкбай Абдивалиев 54, Бакытбек Марипов 221 добушка ээ болушту. Ал эми партиялардан эң көп добуш алгандар — «Альянс» жана «Бүтүн Кыргызстан» болду.

№5376 шайлоо участкасы

Кеңеш айыл өкмөтүнүнүн башчысы, №5376 УШКнын төрайымы жана айыл тургундары шайлоонун жүрүшүндө оз ойлорун билдирди.

Өкмөт башчы Улукбек Шапиев өкмөт башчыга коюлган эң биринчи талап – шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылып, эч бир партияга же талапкерге тарапташ болбоо дейт:

“Кечээ 27-ноябрь күнү айыл өкмөттөрдөгү бардык шайлоо участкаларды кыдырып, бардык аппараттар иштеп жатабы, коопсуздук эрежелери каралганбы, бюллетендерди сактоого темир кутулар, добуш берүүгө арналган маалымат материалдары барбы, баарын текшерип чыктым.”

Өкмөт башчы Улукбек Шапиев

Участканын төрайымы Айтигүл Абдивалиеванын айтымында: “Техника, электр жарыгы боюнча көйгөйлөр болгон жок, бирок, АЭУнын иштеши үзгүлтүкө учурап, кайра дароо эле өзүнүн калыбына келди. Шайлоочулар жакшы келип жатышат, 40 пайызга жетейин деп калды.”

Участканын төрайымы Айтигүл Абдивалиева

Шайлоого чет өлкөдөн келген эл аралык байкоочулар да катышышты

Партиялык байкоочу Маматкадыр Арзыкулов: “Байкоочулардын негизги максаты бул шайлоонун таза, айкын өтүшүн камсыздоо. Азыркыга чейин мыйзам бузуулар байкалбады, УШКнын кызматкерлери иштерин так аткарып жатышат”-дейт.

Шайлоочу Карамат Султанова

Куу-Майдан айылынын тургуну, шайлоочу Карамат Султанова ар бир адам өзүнүн атуулдук милдетин аткарып, шайлоого сөзсүз түрдө катышуусу керектигин айтты: “Мен 78ге чыгып каарып калсам дагы шайлоого келип өз милдетимди аткарып отурам. Өзүбүздүн балдарыбыздын, неберелерибиздин келечеги десек, таза, коррупцияга аралашпаган адамдарды тандообуз зарыл”

Оператор шайлоочуну идентификациядан өткөрүп жаткан учур

Ал эми Абдиллахат Сарымсаков: “Шайлоочулар мурунку шайлоодо акча талап кыла беришчү, азыр болсо эл өз ыктыяры менен келип шайлап жатышат. Акча сунуш кылган адам деле жок”-деп билдирди.

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Аймончок Кожонова