Ар бир жергиликтүү кеңеш депутаты ошол аймак элинин өкүлчүлүктүү органы болуп эсептелет. Ал эми алардын милдети – өз айылын өнүктүрүү, ошондой эле жергиликтүү тургундардын турмуш шартын жакшыртуу.
Айылдык кеңештин депутаттары эмне иш кылышы керек, кандай иштерди аткарышты деген суроо менен Куу-Майдан айылынын тургундарына кайрылдык.

Тунукбек Раимжанов
Тунукбек Раимжанов депутаттар элге кызмат кылуусу керек. Бирок депутаттардын шайлангандан бери кылган ишин көрбөй жатабыз деген оюн билдирди:
“Биз ишенип шайлагандан кийин элдин талабын аткарыш керек да. Бизге депутаттардын иштей турганы керек, иштебей өзүнүн чөнтөгүн ойлогондор керек эмес, иштеп беришсе жакшы эле бизде көйгөйлөр көп.”

Апиза Эргешова
Ал эми Апиза Эргешова депутаттардын ишине катааттанбастыгын, быйылкы келген селде бир да депутат кабар албаганын айтты:
“Быйыл аябай сел келди,биздин үйдүн аркасынан өттү. Өзүбүз ылайга батып өзүбүздү өзүбүз, үй ичибизди тазалап жолго салып алдык. Анан ушундайда пайдасы тийбеген депутаттын кандай кереги бар. Канчалаган уйлорду сел басты, бир сыйра көрүп-көрүп коюп кетип калышты ошол бойдон бир да жардам болгон жок.”

Адилбек Капаров
Адилбек Капаров депутаттар дайыма эл менен тыгыз байланышта болуп, бюджеттин акчасын туура жака бөлүүсү керектигин билдирди: “Алардын милдеттери элди кыдырып, кандай маселелер болсо өздөрүнөн сурап, айыл өкмөтү менен байланышып ошолордун көйгөйүн чечиш керек. Ушул нерселерди аткаргандары да бар, аткарбаганы да бар. Жакшы депутаттар бар иштеп жатышат, жолго кум төктү, сталбаларды коюшту, эми таза суу киргизем деп аракет кылышып жатат.”

Бүсайра Закирова
Бүсайра Закированын айтымында жол кире кымбаттап айыл тургундарына кыйын болууда: “Шаңколдун маршруткасын биздин ылдыйкы магазинге түшүрүп бергиле деп канча жолу айыл өкмөткө арыздандык, баары макул деп коюшуп эч нерсе кылбай жатышат. Күндүзү иштеген ишчилерибиз, келин, кыздарыбыз бар. Ошолор эрте менен кыйналып жатышат чоң жолго чыгып кетип, таксиге отурайын десе 40-50 сомдон кылып алышыптыр. Таксиге отурсаң бир канча акчаң кетип калат, бизге маршрутканы киргизип берсе элге кичине оңойрак болот эле.”
Жергиликтүү кеңештин депутаты Каныбек Маматмуса уулу жергиликтүү кеңеш депутаттарынын ишинде жыйынтык чыкпай жатканын айыл өкмөттүн бюджетинин аздыгы менен байланыштырды: “Иш кылайын десек акча каражаты жетишпейт, ошондуктан иш кылалган жокбуз. Азыр айылдарда фонддор, уюмдар ачылып, элдин майда-чүйдө көйгөйлөрүн фонддун акчасын чогулткан лидер жаштар уюшуп, ошолор өздөрү көзөмөлдөп, өздөрү аткарып коюштат. Аларга аралашып, алыбыз жетишинче сөзүбүздү, акчабызды кошуп жардам берип жатабыз,” – дейт.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Аймончок Кожонова