Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында темир-бетон буюмдарын чыгаруучу завод курулуп өз ишин баштады. Заводду айыл тургуну Роман Аширбеков өз уулдары менен биргеликте курду.

Куруу иштери ушул жылдын март айында башталган азыркы учурда биринчи буюмдарын чыгарып жатат. Заводдон үй чарбачылыка керектелчү буюмдар: столба, латок, бетон казык, плита (плита перекрытия) ж.б буюмдар чыгарылат.


Андан сырткары завод үчүн 100 метр тереңдиктен артезиан суусу чыгарылды. Азыркы тапта бетон казыктар жана столбалар буюртмага жасалып жатат.


Ишкер Роман Аширбековдун айтымында «Биз бул ишти байштайбыз деп көптөн бери максат кылып жүргөн болчубуз, быйылкы жылга насип кылып азыр биринчи буюмдарды чыгарып баштадык»- деп билдирди.